7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионатына жолдомо. Кармашып уруш боюнча Кыргызстандын биринчилиги өттү

274

11-майдан 12-майга чейин Сокулук районунун Новопавловка айылында 2024-жылкы Дүйнө чемпионатына жолдомо алуу үчүн кармашып уруш боюнча Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү.

Аталган мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 450дөн ашык спортчу катышты.

Мелдешке Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин курама командасы катышып, төмөнкү орундарды ээледи:

— 62 кг салмакта 7708 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кенже сержант Нурлис Чыныбеков 3-орунду ээледи;
— 73 салмакта 7708 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери кенже сержант Каныбек Ишенов жана кенже сержант Тилекабыл Дүйшөнбеков 3-орунга ээ болушту;
— 80 кг салмакта 7708 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кенже сержант Нуржигит Асанов 3-орунду ээледи,
— 88 кг салмакта 7705 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери ефрейтор Актан Боомбеков 1-орунду ээледи,
97 кг салмакта 7708 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери прапорщик Бекжан Мукашев 1-орунду ээледи,
+97 салмакта 7708 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кенже сержант Сыймык Көчкөнбаев 1-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөр медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.

 

 

275