7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада заманбап медициналык борбор ачылды

503

Ала-Бука районунун Келте айылында облустун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар заманбап «Бакыт» медициналык борбору ишке берилди.

Заманбап жабдыктар менен камсыздалган медициналык борбор эки жыл аралыгында курулуп, анда хирургия, терапия, гинекология бөлүмдөрү, диагностикалык борбор жана компьютердик томография аппараттары орнотулган.

Мекеме «Медикал трейд» жоокерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп, жергиликтүү бийлик тарабынан жер аянты ажыратылып берилген. Мындан сырткары алдыдагы убакытта ооруканага баруучу жолго асфальт төшөлөт. Ал үчүн облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 4,5 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев мындай медициналык борбордун ишке берилишин район эли көп жылдардан бери күтүп келе жатканын айтып, тургундарды жакшы саамалык менен куттуктады.

Иш-чарада медициналык борбордун курулушуна салым кошкон бир катар кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары тапшырылды.

504