7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ата мекендик спорт оор жоготууга учурады

471

13-майда Кыргыз ССРинин 12 жолку жана студенттер арасында СССРдин 2 жолку чемпиону, көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Искенов Руслан Сырдыбаевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

  • Руслан Искенов 1940-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Нарын шаарынын Токтогул атындагы орто мектепти бүтүргөн.
  • 1959-жылы мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, аны 1962-жылы аяктаган.
  • 1966-жылдан тартып 1972-жылга чейин Кыргыз ССРинин Агартуу министрлигинин республикалык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде директор болуп иштеген.
  • 1972-жылдан тартып 1981-жылга чейин Н.К. Крупская атындагы республикалык спорт багытындагы мектеп-интернатынын директорунун орун басары болуп иштеген (азыркы Ш. Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжи).
  • Руслан Искенов спорттук самбону жайылтууга жана өнүктүрүүгө көптөгөн күч-аракетин жумшаган, 1989-жылдан тартып Республикалык самбо федерациясын жетектеген.
  • 1995-жылы Дүйнөлүк самбо федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган. Анын тарбиялануучулары дүйнө жана Азия чемпионаттарына ийгиликтүү чыгышкан.
  • Искеновго 1993-жылы Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү зор салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган, 1997-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Искенов Руслан Сырдыбаевич ак ниеттүү жана эмгекчил адам катары өмүр сүрдү, кыргыз спортунун кайталангыс талантынын жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

472