7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип бөлүм башчы кармалды

377

Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды.

Буга чейин КР УКМКга «Ж.С.Ж.» аттуу жаран Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысына чара көрүү суранычы менен арыз жазып кайрылган.

Арызда берилген маалыматка ылайык, шектүү өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып кол астында иштеген кызматкерге WhatsApp аркылуу ар түрдүү адепсиз билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү жөнөтүп, ошондой эле күч колдонуу жолу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого, интимдик жакындыкта болууга мажбурлаган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

378