7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сергей Лавров: Тынчтыкты кааласаң-согушка даярдан

250

Россия Европа биримдиги менен мамилесин үзүп коюуга даяр. Бул тууралуу РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

Министр эгер дагы бир жолу Россиянын экономикасына таасир эте турган санкциялар коюла турган болсо, ушундай кадамга барышары мүмкүн экенин кыйыткан.

«Биз дүйнөлүк жашоодон обочолонгубуз келбейт, бирок баарына даяр болуу керек. Тынчтыкты кааласаң – согушка даярдан», — деди Лавров.

Бул жума ичи Брюсселде Россияга каршы жаңы санкциялар кириши мүмкүндүгү айтылган. Москвага барып келген Европа биримдигинин тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Жозеп Боррель «Россия биз күткөн нерселерди актаган жок. Заманбап демократия кура албады» деп айтып барган.
Ортодогу мамиленин чыңалуусуна Украинадагы конфликтиден сырткары Беларустагы кырдаал, Алексей Навальныйдын камалышы, 23үнчү жана 31-январда макулдашылбаган митингге чыккандардын кармалышы таасир эткен.

Россия болсо европалык өнөктөштөрүн башка өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишпөөгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

251