7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шаардык сот Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды

241

Жогорку Кеңештин депутат Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча Бишкек шаардык сот административдик соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Бардык инстанциялардын соттору аларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүп, 29-августта алар үй камагына бошотулган.

Булак:SUPER.KG

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

242