7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шагыл төккөнбүз… Чүйдүн губернатору Токмоктогу мал базарды күтүүсүз текшерди

103

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов бүгүн, таңкы 6да Токмок шаарындагы мал базарга күтүүсүз барып, текшерүү жүргүздү.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, текшерүүнүн максаты — базардагы соода шарттарын, санитардык абалды жана ветеринардык көзөмөлдү текшерүү болгон.

Текшерүү учурунда төмөндөгү олуттуу кемчиликтер аныкталды:

— Базарга баруучу жолдор жана базардын аймагы начар абалда. Адамдардын жана транспорттун кыймылын кыйындаткан — баткак;

— Базар ичиндеги өтмөктөр тар болуп, жарандардын жана малдын коопсуздугуна коркунуч жаратууда;

— Малдын кирип-чыгышын каттоодо эрежелер бузулуп, журналдар толук эмес;

— Ветеринардык көзөмөл жетишсиз. Ветеринардык паспорттор, маалымдамалар жана вакцинация документтери жок же толук эмес. Дезинфекциялык чаралар каралган эмес.

Базарды көргөн Азамат Осмонов аны “аймакты уятка калтыргыдай абалда” деп баалап, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Базардын санитардык абалын жакшыртуу, адам жана мал өтмөктөрүн кеңейтүү, ветеринардык көзөмөлдү толук калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана соода жүргүзүүгө коопсуз шарттарды камсыздоо.

Текшерүүнүн соңунда ал бардык иштер өзүнүн жеке көзөмөлүндө болорун белгиледи.

104