7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шах жана мат! Бишкекте шахмат аллеясы ачылды

873

Борбор калаада Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде «Шоро» ишканасынын шахмат аллеясы салтанаттуу түрдө ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, ачылышына Кыргыз шахмат союзунун, КРнын Тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Кызыл лентаны Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана «Шоро» жабык акционердик коомунун башкы директору Кайрат Эгембердиев кесип, аны менен катар акимчиликтин ыраазычылык каты тапшырылды.

Мындан тышкары, Эл аралык шахмат күнүнө жана аллеянын ачылышына карата уюштурулган шахмат жана тогуз коргоол боюнча мелдештин жаш жеңүүчүлөрү сыйланышты. Иш-чара симфониялык оркестрдин күүлөрү менен коштолуп, ар кандай викториналар, сынактар, интерактивдүү оюндар, шахматтык оюндар уюштурулуп, даамдуу фуршет да болду.

Белгилей кетсек, стол оюндарын сүйүүчүлөр мындай шахмат аянтчасында убакыт өткөрө алышат жана келечекте чоңдор, мектеп окуучулары жана мектеп жашына чейинки балдар арасында шахмат жана тогуз коргоол ойноо боюнча турнирлерди, мастер-класстарды өткөрүү пландалууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

874