7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шахмат боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар 41 медаль жеңди

490

Кечээ, 12-декбарь күнү Шриланкадан өткөн шахмат боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Бишкекке учуп келди.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэрпортунан Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциянын директору Райымбек Токомбаев жана шахмат федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, 2-11-декбрь күндөрү Шри-Ланкада өткөн шахмат боюнча мектеп окуучулары арасында Азия чемпионатында Кыргызстандык спортчулар 41 медалга ээ болгон.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Классикалык шахмат боюнча биринчиликтин жыйынтыгы:

  • — 6 жеке медалдар:
  • 1-орун — Элдияр Орозбаев (17 жашка чейин);
  • 1-орун — Агния Куш (13 жашка чейин);
  • 2-орун — Элим Кеңешбеков (11 жашка чейин);
  • 2-орун — Эржан Жакшылыков (15 жашка чейин);
  • 3-орун — Байэл Мурадылов (13 жашка чейин);
  • 3-орун — Жибек Сагынбекова (9 жашка чейин).
  • 𝟲 командалык медалдар: 4 күмүш жана 2 коло медаль.
  • Командалык упай:
  • 1-орун – Индия – 8 медаль (5 алтын, 1 күмүш, 2 коло);
  • 2-орун — Кыргызстан — 6 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 2 коло);
  • 3-орун — Өзбекстан — 2 медаль (2 алтын).
  • Классика боюнча 12 медаль;
  • Рапид боюнча 17 медаль;
  • Блиц боюнча 12 медаль

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

491