2022-жылдын сентябрь айындагы чек арадагы куралдуу кагылышууда каза болгон жоокер Арыстаналы уулу Асатбектин ысымы Көк-Серек айыл аймагынын Тенги айылынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылды.
Арыстаналы уулу Асатбек атындагы көчөнүн ачылуу аземине Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Чаргынбаев, 2030 аскер бөлүгүнүн командири Р. Мамырканов, айыл өкмөт башчысы А.Жедигеров. Көк-Серек чек ара заставасынын жоокерлери, жергиликтүү тургундар жана маркумдун жакын туугандары, классташтары катышты.
Иш чарада Арыстаналы уулу Асатбектин өмүр баяны, көрсөткөнкөн эрдиги окулуп, жетекчилер жана ата-энеси тарабынан эскерүү сөздөрү айтылды.