7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров УТРКны 90 жылдык мааракеси менен куттуктады

387

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-декабрда, Улуттук телерадиоберүү корпорациясын (УТРК) 90 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Мамлекет башчысы бул окуяга арналган салтанаттуу иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Урматтуу Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери! Улуттук телеканалга өз өмүрүн арнаган ардактуу ардагерлер! Кымбаттуу мекендештер!

Улуттук телерадиоберүү корпорация дээрлик бир кылымга тете тарыхты артка калтырып, өлкөбүздө радио жана теле тармагы калыптанып, өнүгүп-өөрчүп олтуруп, бүгүнкү күндө Кыргызстандын телерадио чөйрөсүнүн флагманына айланды деп айтууга толук негиз бар.

Ошондуктан алгач улуттук телеканалдын 90 жылдык мааракеси менен баарыңыздарды куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!

Маалыматтын маани-маңызы, анын баасы менен баркы 100 жыл мурунку мезгилди мындай кой, жарым кылым, алтургай, чейрек кылым мурдагы убакыт менен салыштырганда эле болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Акыркы эле 10-15 жылды алсак, маалыматтын мааниси артып, аны жайылтуунун түркүн-түрдүү жолу жаралгандыгына баарыбыз күбө болуп отурабыз.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн сегиз миллиард калкы секунд сайын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Кечээки эле кагаз менен кат-кабар алмашуу өнөрү бүгүнкү жаш муун үчүн кадимкидей жомокко айланды. Учурда төгөрөктүн төрт бурчундагы кабарлар төө минип жүргөн көчмөн, тоо койнундагы элеттиктен тартып, жада калса, асмандагы космонавттарга чейин бир убакта жете турган заманга келдик. Албетте, бул көрүнүш кылым ашпаган кыска убакыттын ичиндеги илимий-техникалык прогресстин натыйжасы экени талашсыз.

Ал эми аш-тойлордо айыл аралап ырдаган төкмөлөр төрдүн көркү эле болбостон, так ошол маалымат таратуучулар менен жаратуучулардан болгон. Сөз баккан кыргыз баласы ар убак маалымат жаратуучулар менен таратуучуларды кадырлап келгендиги маалым.

Эми ал замандар артта калып, ар бир үйгө телекөрсөтүү менен радио, интернет кирип, маалымат булактары толгон заманда жашап жатабыз.

Анткен менен 90 жылдык тарыхында Улуттук телерадиоберүү корпорация оңой эмес жолду басып өттү. 1927-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин съезди өтүп, анын төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун доклады радио аркылуу жыйылган элге угузулуп, өз алдынча автономиялуу республика болгонубуз кабарланган.

1931-жылдын 19-декабрында Кыргыз АССРинин Байланыш министрлигинин алдында радиокомитет уюштурулуп, кыргыз радиосу өз ишмердүүлүгүн баштаган. Ал эми 1932-жылдын 9-майында Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин алдында Радио уктуруу боюнча мамлекеттик комитет түзүлгөн.

Кыргыз радио кызматынын арыгын чаап, кышын кынагандар — кыргыз маданиятынын даңазалуу баба дыйкандары болгону шексиз. Ошентип Сүйүнтбек Бектурсунов, Молдогазы Токобаев, Тургунбек Суванбердиев жана башкалар жетектеп, из салган Кыргыз радиосунун баскан жолу байсалдуу уланган.

Бул жолдун башатында кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсандар: чыгаан жазуучу-акындар Нуркамал Жетикашкаева, Токтоболот Абдымомунов, композиторлор Жумамүдүн Шералиев, Петр Шубин турушса, атактуу актриса Алиман Жангорозова, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Сакин Бегматова Кыргыз радиосунун алгачкы дикторлору болушканын телерадио тармагында эмгектенгендер эле эмес, улуу муундун өкүлдөрү дагы абдан жакшы билишет.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында радионун ролу жана күчү кандай болгону тарыхта таасын жазылуу. Ал убакта элдин бир гана маалымат алган булагы да, кайрат күч берген таянычы да радио болгону белгилүү.

1957-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдында Радио уктуруу комитети Мамлекеттик радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитети болуп өзгөртүлүп, 1958-жылдын 30-декабрында Кыргыз телекөрсөтүүсү ишмердүүлүгүн баштаган.

Мындай чыгармачыл чоң жамаат кандай гана тагдырларды, тарыхый окуяларды баштан кечирбеди. Кыргызстандын эгемендүү мамлекет болушуна, мамлекеттүүлүктүн калыптанышына зор салым кошту. Мамлекеттин негизги маалымат куралы катарында кызмат кылды. Телерадио адисттеринин бүтүндөй бир муунун тарбиялап, туурунан учурду.

Корпорациянын 90 жылдык тарыхын кеп кылып жатып, Рабия Менсейитова, Айымбүбү Ботоканова, Асанбек Токомбаев, Умтул Орозова, Сатыбалды Жээнбеков, Кадыр Өмүркулов, Аманбек Карыпкуловдун ысымдарын эскербей кетсек туура болбойт. Бул жетекчилер артына из калтырып, телерадионун пайдубалын түптөшкөн.

Урматтуу улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери!

Доор алмашып, заман оошуп, өлкөбүздө кандай гана өзгөрүүлөр болбосун, өзөгүңөрдү жоготпой жогоруда аттары аталган залкарлар чапкан жол менен келе жатасыңар. Ар кандай кыйчалыш кырдаалдар болуп, башыңардан кара булут айланып, коомчулук жамгырдай сын жаадырган учурларда дагы сынган жоксуңар. Бирок бардыгыбыз ой-мүдөөбүз мамлекеттин бүтүндүгү болгонун, алган багытыбыз бир экенин сезгенден кийин бир муштумдай биришигибиз керек.

Бул чыгармачыл мекемеге өз маалында реформа жасоо менен катар ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү милдети менин иш багытымда негизги орунда турду. Ушул жылы телерадиоберүү корпорациясына „Улуттук“ деген макам берүү боюнча мыйзам жазылып, Жогорку Кеңеште колдоого алынган соң кол койдум. Ага улай эле менин тескемем менен атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Бул жумушчу топко улуттук телеканалдын ишмердигин деталдуу карап чыгып, анын түзүмүн реалдуу түрдө реформалоо жана аны каржылоо маселелерине конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилген.

Тыкыр жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында жаңы түзүм иштелип чыгып, бирин-бири кайталаган бөлүмдөр кыскартылып, контент үчүн каражат бөлүү, эмгек акыларды жогорулатуу маселелери чечилип, оптимизацияланды. Мурда корпорациянын жылдык бюджети 397 млн сом болсо, эми реформалоодон кийин УТРКнын жылдык бюджети үчүн 664 млн сом бөлүнүп берилди.

Кызматкерлердин айлык маяналары боюнча бирин-экин мисал келтире кетейин. Корпорацияда иштеп жаткан монтажерлордун айлыгы буга чейин 7 900 сом болсо, азыр алардын эмгек акылары 20 000 сомдон ашты. Ал эми 1-категориядагы режиссёрлорго 17 200 сомдон айлык чектелип келген болсо, азыр алар колуна 31100 сом алышууда.

Ошентип, УТРКнын ишмердигин арттыруу багытында реформа жүргүзүлүп, шарттар түзүлдү, кызматкерлерге маяналар жогорулатылып, жигердүү иш алпаруусуна түрткү болду. Эң башкысы „улуттук“ деген абыройлуу макам ыйгарылды. Эми атына заты төп келгендей, өз макамына бап келгендей иш алпаруу милдети — УТРКнын жетекчилигинин алдында турган башкы маселе!

Заман талабына ылайык, контентти өзгөртүүдөн тартып, мазмундуу, көрүмдүү телеберүүлөрдү даярдап элибизге тартуулоо менен УТРКны чыныгы улуттук телеканалга айлантуу маселесин жетекчилик колго аласыңар деп ишенем!

90 жыл деген кандай мезгил, канча убакыт? 90 жыл — бул башынан далай орошон окуялар өткөн, тажрыйбасы мол, кабат-кабат карт тарых каптап турган карыянын жашы. „Карынын кебин капка сал“ деген ата сөзү бар улуу кыргыз элибизде.

Ылайым, силер дагы кадырлуу кыргыз карыясындай болуп калыстыктан тайбай ак сүйлөгүлө, так сүйлөгүлө. адилет иш алпаргыла. Элге акыйткатты айтып, ак кызмат кылып, башка телерадиоканалдарга өрнөк болгула! „Улуттук“ деген улуу макамды татыктуу алып жүргүлө!

90 жылдык мааракеңиздер менен дагы бир жолу куттуктайм. Мындан аркы жолуңар байсалдуу болсун! Сапатыңарды арттырып, реформаларды ийгиликтүү ишке ашырып, жаңы бийиктиктерди багынта бергиле!

Мен ошого ишенем!»,- деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

388