7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз балкондорду алдыруу уланууда

177

Бишкекте мыйзамсыз курулган балкондорду демонтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалым болгондой, шаар мэриясынын маалыматына ылайык, объектилер алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде аныкталган жана алардын ээлерине тиешелүү эскертмелер берилген.

Айрым батир ээлери жашаган жеринде жок болгондуктан, демонтаждоо иштери убактылуу жылдырылган.

Бирок мурда көрсөтмө берилген бардык мыйзамсыз балкондор белгиленген тартипте сөзсүз алдырылат.

Мэрия эске салгандай, балкондорду өз алдынча айнектөөгө, көлөмүн өзгөртүүгө, жаңы балкон курууга же фасаддын көрүнүшүн өзгөртүүгө тыюу салынат.

178