Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөөгө жана “Элдик банктын” жаңы имаратынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер! Элдик банктын ардактуу кызматкерлери! Бүгүнкү иш-чаранын кадырлуу меймандары!
Бүгүн өлкөбүздүн бүтүндөй банк системасы үчүн маанилүү күн болуп турат. Бир саамдан соң биз эки маанилүү окуяны — Кыргызстандагы аманат ишмердигинин 100 жылдыгын белгилөө менен бирге “Элдик банктын” жаңы имаратын ачканы турабыз. Бул бири-бирине төп келген эки окуя ары символикалуу, ары тарыхый мааниге ээ. Бүгүнкү күндө бир кылымдык жол арбыткан аманат ишмердигинин улантуучусу дал ушул “Элдик банк” болуп саналат.
Ушундан улам, алгач баарыңыздарды, айрыкча банк системасында эмгектенгендерди бүгүнкү тарыхый күн менен чын дилимден куттуктаймын!
1925-жылы Кыргызстанда аманат ишмердигинин негизи түптөлүп, ошол кездеги Фрунзе, Ош шаарларында жана Жаңы-Жол, азыркы Аксы районунда ачылган алгачкы мамлекеттик аманат кассаларында акча сактоо гана эмес, акча которуу, насыя сертификаттарын чыгаруу, баалуу кагаздар боюнча бүтүмдөрдү келишүү жаатында иш-аракеттер башталган.
Өткөн кылымдын 60-70-жылдарында республикабыздагы сактык кассаларында кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрү сунушталып, акча сактоого чоң ишеним жаралганы жана элдин жашоо-турмушунун ажырагыс бөлүгүнө айланганы улуу муун өкүлдөрүнө жакшы маалым.
Ошол аманат кассаларынан баштап, көз карандысыз мамлекеттин заманбап, туруктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан банк системасына чейин Кыргызстандын аманат ишмердиги бир кылымдык узак жолду басып өттү. Эгемендик жылдарында аты өзгөрүлгөнү менен, заты калып олтуруп, эки жыл мурун мына бүгүнкү “Элдик банк” ачык акционердик коому болуп, кайрадан тарыхый аталышын алды. Мына ушундай, бир кылымдык сапардын артында биздин банк кызматкерлерибиздин бир нече муунунун эбегейсиз эмгеги, миллиондогон жарандардын ишеними, экономиканын өнүгүшү жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышы турат.
Урматтуу замандаштар! Мамлекетибиз банк системасынын өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштап жатат деп айтсак жаңылышпайбыз.
Каржы системасы узак мөөнөттүү инвестициялардын, технологиялык жаңылануунун жана туруктуу өсүштүн булагы болуп калган жаңы экономикалык моделди ырааттуу түрдө түзүп жаткандыгын баса белгилеп кетейин.
Бүгүнкү күндө санариптик трансформация мамлекеттик саясатыбыздын негизги артыкчылыктарынын бири жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү фактору болуп саналат. Биздин өлкөбүз инновациялык экономиканы өнүктүрүү, каржы системасын модернизациялоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана элибиз үчүн, бизнес үчүн заманбап каржылык сервистердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү курсун ырааттуу түрдө ишке ашырууда.
Кыргыз Республикасы санарип ыкмаларды киргизип, технологияларга, ачык-айкындуулукка, инклюзивдүүлүккө жана ишенимге негизделген заманбап каржылык системаны курууда. Биз накталай эмес төлөмдөрдү, мобилдик каржылык чечимдерди, электрондук мамлекеттик сервистерди, санарип идентификация системасын жана заманбап банктык технологияларды жигердүү өнүктүрүүнүн үстүндөбүз.
Элдик банктын жаңы имаратынын ачылышы – мамлекетте болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жана өнүгүүнүн белгилеринин бири. Демек, бул жөн гана жаңы имарат эмес. Бул – алдыга ишенимдүү кадам таштап жатканыбыздын көрсөткүчү. Бүгүнкү күндө Элдик банк – өлкөнүн эң ири банктарынын бири. Ал – 80 миллиард сомдон ашык капиталы бар каржы институту, мамлекеттин стратегиялык өнүгүү милдеттерин ишке ашыруучу банк.
Элдик банк бир кылым бою калыптанып келген аманат ишмердигинин салттарын улантып, каржылык жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда жана жарандардын банк системасына болгон ишенимин арттырууда маанилүү социалдык-экономикалык ролду ойной тургандыгы белгилүү. Кудай буюрса, Элдик банк улуттук маанидеги инфратүзүмдүк, энергетикалык, транспорттук жана социалдык долбоорлорду каржылоого активдүү катышат. Банк өлкөбүздүн эң ири энергетикалык долбоорлорунун бири – Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга, транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү долбоорлоруна, авиация тармагын өнүктүрүүгө, өлкөнүн билим берүү жана медициналык мекемелерин колдоого насыя бөлмөкчү.
Урматтуу мекендештер, Элдик банк Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык капитал рынокторуна чыкканын өзгөчө белгилегим келет. Жогорудагы видеотасмада көргөнүңүздөрдөй, ушул жылы Элдик банк Лондон фондулук биржасында 500 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү еврооблигацияларды ийгиликтүү жайгаштырды. Бул эл аралык инвесторлордун Банкка гана эмес, биздин өлкөбүзгө – Кыргызстанга жана мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишеними болуп саналат. Дагы бир маанилүү жетишкендик катары Элдик банктын Жашыл климаттык фонддон аккредитациядан өткөндүгүн атасак болот. Бул Кыргызстан үчүн эл аралык климаттык каржылоого жана «жашыл» экономика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачат.
Элдик банктын урматтуу кызматкерлери!
Мына ушундай ийгиликтердин аркасында сиздердин эмгегиңиздер мамлекет үчүн өзгөчө экенин баса белгилейм. Ошону менен бирге жалпы мамлекеттин аманат ишмердигин улантуучу катары Элдик банктын таанылышы сиздердин алдыңыздарда чоң жоопкерчилик экенин да кошумчалай кетейин. Элибиздин ишеними жана банк системасынын туруктуулугу сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө жана ак ниет ишмердигиңиздерге жараша болот. Бүгүнкү күндө сиздердин алдыңыздарда масштабдуу милдеттер: каржылык туруктуулукту чыңдоо, санарип технологияларды өнүктүрүү, заманбап инновациялык чечимдерди киргизүү, жарандардын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери турат. Сиздер бул милдеттерди так аткарып, Кыргызстандын жана кыргызстандыктардын кызыкчылыгына кызмат кыласыздар деп терең ишенем.
Урматтуу меймандар! Өлкөбүздөгү аманат ишмердигинин 100 жылдыгы жана Элдик банктын жаңы имаратынын ачылышы менен дагы бир жолу куттуктайм!
Аманат ишмердигинин арышы арбый берсин. Бул вазыйпаны аркалаган Элдик банктын жаңы имараты ак жолтой болсун!
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!”