7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө электромобилдер үчүн кубаттоочу станциялар көбөйөт

261

Ысык-Көл облусунда электромобилдер үчүн кубаттоочу станциялардын тармагын кеңейтүү улантылууда.  Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда Түп айылында төрт, Бөкөнбаев айылында үч электр кубаттоочу станция иштеп жатат. Ал эми Балыкчы шаарында дагы төрт станцияны орнотуу иштери башталды.

Мындан тышкары, быйыл Кызыл-Суу айылына үч, Бостери менен Ак-Сууга төрттөн, ошондой эле Чолпон-Ата жана Каракол шаарларына төрттөн станция орнотуу пландалууда.

Долбоор экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүүгө жана туристтер менен жергиликтүү тургундар үчүн кубаттоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

262