7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шахтадагы кырсыкта каза болгондор 45ке жетти

487

Казакстандын Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтада каза болгондордун саны 45ке жетти. Бул тууралуу «Хабар 24» телеканалы кабарлаган.

Маалыматты өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да ырастап, учурда дагы бир киши изделип жатканын билдирди.

«Шахтадагы кээ бир жабдуулардын иштен чыгышы жана айрым жерлериндеги урандылар куткаруу иштерин оорлотууда», – деди Авариялык-куткаруу кызматынын жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Геннадий Силинский.

Караганда облусундагы Костенко шахтасында 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин «Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштаганын кабарлаган.

Шахтадагы жарылууга байланыштуу Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

488