БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова чогулгандардын алдына чыгып сөз сүйлөдү. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы көрсөткөн БШКнын сайтындагы таблицадагы катачылык үчүн кечирим сурап, АСУ системасынын так иштөөсүнө кепилдик бере турганын белгиледи.

“Учурда биздин система так иштеп жатат. Азыркы чыгып жаткан добуштар алдын ала жыйынтык деп эсептелет жана юридикалык күчкө ээ эмес. Расмий жыйынтык кол менен саноодон кийин гана чыгарылат. Кол менен саноо иштери жүрүп, сайтка жарыяланып жатат. Эгерде участкалар боюнча арыздар болсо, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте округдук шайлоо комиссияларына берүүгө чакырам. Алардын ар бири каралып чыгат”, — дейт ал.

Шайлдабекова саясий партиялардын өкүлдөрүн добуштун жыйынтыгы көрсөткөн сайттагы катачылыкты бирге кароо үчүн БШКга чакырды.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү.