7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлдабекова: Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн муктаждык карталары түзүлдү

591

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн муктаждык карталары түзүлдү. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

«Жалпысынан ар бир шайлоо участкага атайын биздин ден-соолуктук мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз үчүн муктаждык карталар түзүлдү. Ал карталарга ар бир жарандын муктаждык түрү киргизилип, тийиштүү жардам берилет. Ошондой эле добуш берүүгө катышуу үчүн, атайын өзгөчө шайлоочулардын категориялары боюнча чаралар көрүлдү. Алардын ичинде Аскердик кызмат өтөгөн адамдар , Укук коргоо органдарынын участкаларга бекитилген кызматкерлери, социалдык мекемелердин жана больницалардын пациенттери үчүн ошондой эле вахталык ыкма менен эмгектенген жарандар үчүн атайын тактоолор жүргүзүлүп, тийиштүү  убактылуу жүргөн жердеги участкаларга бул жарандарыбыз киргизилди»,-деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592