7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоо процессинин маселелери боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

167

Шайлоо процессинин маселелери боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Максат Мамытканов жыйында билдирди.


Кеңешме Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда өттү.


Вице-премьер-министр калк арасында шайлоо процессинин бардык маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү зарылдыгына токтолуп, биометрикалык каттоодон өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


“Калк арасында көптөгөн суроолор пайда болууда. Маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү керек. Ар бир жаран кайда барып шайлаарын жана мыйзам бузуулар орун алган учурда кайда кайрылаарын билиши керек. Маалыматтар ачык жана ар бир шайлоочуга жеткиликтүү болушу тийиш”, — деди вице-премьер-министр.


Белгиленгендей, административдик ресурс пайдаланылса, шайлоочулардын добушу сатылып жатса, же башка мыйзам бузуулар орун алса, Координациялык топтордун реакциясы токтоосуз болушу керек.


“Дагы бир ирет кайталап кетем, шайлоочулардын укугу бузулган учурда укук коргоо органдарынын реакциясы катаал болот. Биз 5-октябрдагы окуялардын кайталанышына жол бербейбиз”, — деп жыйынтыктады Максат Мамытканов.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди, ошол эле учурда алардын өз учурунда аткарылышы үчүн ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилигин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

168