7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылгандар кимдер?

773

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына Кыргызстан коммунисттер партиясы менен катышкан Амантур Манапбаев шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда.

Амантур Манапбаев 2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен катышканы белгилүү.

11-апрелинде жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынан 7% босого ченден «Эмгек», «Акбата», НДПК, «Ата-Журт — Кыргызстан», «Биздин Эл» жана «Ынтымак» партиялары өттү.

Талаптагыдай добуш ала албаган партиялардын мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, ачкачылык жарыялашып, БШКнын имаратынын жанына митинг уюштурушкан. Митингге чыккандардын сап башында жогоруда аталган бир нече мыйзам бузуулар менен парламенттик шайлоодо утушка жеткен «Биримдик» партиясынын талапкери, азыркы Коммунисттик партиянын мүчөсү Амантур Манапбаев дагы бар. Ал «саясий курал болуп жатабы же чындыгында эле мыйзам бузуулар менен шайлоо өнөктүгүндө жүрүп, утулган соң мыйзамдуулукту талап кылып жатабы?»

Учурда ал жеңилген партиялардын башын бириктирип, БШКдан жеңген партиялардын добуштарын жокко чыгарууну талап кылууда. Анын айтымында, добуш сатып алуу ж.б. мыйзам бузуулар көп болгон.

Эскерте кетсек, «НДПК» партиясы мыйзам бузууларга тиешеси бар деген чечим менен 19-апрелде шайлоодон четтетилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

774