Түркияда “23-апрелге карата коменданттык саат киргизүү жөнүндө» буйрук чыкты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
«Түрк жарандарына 22-апрель саат 19:00дөн тартып, 26-апрель саат 5:00гө чейин үйдөн чыгууга болбойт. Жарандарга саат 10:00дөн 17:00гө чейинки убакта азык-түлүк алуу, дарыканага баруу үчүн гана бир маал сыртка чыгып келүүгө уруксат берилет”, — дейт маалыматта.
23-апрелде боло турган иш-чаралар протоколдун негизинде гана жүргүзүлөөрү айтылды.