Кадыр түн качан белгиленери белгилүү болду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-майга караган түнү белгиленет. Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
“Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот.”-деп айтылат маалыматта.