Жаратылыш чек араны билбейт долбоору боюнча брифинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-апрелде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында бир добуштан аталган резолюцияны кабыл алган.
“Долбоордун максаты — 2030-жылдын күн тартибине негизделген жаратылыш ресурстарын радионалдуу пайдалануу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча чек аралар кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат. Резолюцияны кабыл алууда, жалпы мамлекеттердин колдоосу менен катар, 60 мамлекет Кыргызстандын резолюциясына авторлош болушту”, — деп берилет маалыматта.