7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти кызматына киришти

681

Өзбекстанда кезектеги мөөнөткө президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёев президенттик кызматына бүгүн, жума күнү Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы менен Сенатынын (парламенттин төмөнкү жана жогорку палатасы) биргелешкен жыйынында киришти.

Сенаттын чоң жыйындар залында депутаттардан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана өкмөттүн мүчөлөрү, Конституциялык соттун судьялары, Ташкентте аккредиттелген дипломатиялык ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05%, Робахон Махмудова 4,43%, Улугбек Иноятов 4,02% жана Абдушукур Хамзаев 3,74% добушун алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682