7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
37°C

Шектүү «Кумтөргө» орноштурам деп, 80 миң сомду алдоо жолу менен алып кеткен

243

Апрель айынын аягында милицияга 30 жаштагы жергиликтүү аял кайрылган. Аялдын айтымында, өткөн жылдын ноябрь айында «Кайрат» аттуу чочун адам ишенимине кирип, өмүрлүк жолдошун 80 миң сомго «Кумтөргө» жумушка орноштурууну убада кылган. Акчаны алгандан кийин, изин жашырып кеткен.

Ысык Көл ОИИБден билдиргендей, аталган арыздын негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн өздүгү аныкталып, колго түшүрүлгөндөн кийин, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын  тургуну К.М. болуп чыкты. Кармалган жаран, алдын ала жүргүзүлгөн суракта, жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Шаардык соттун чечими менен кармалган шектүүгө карата тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүнө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.

Учурда, тергөө иштери жүрүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

244