Төрт-Күл суу сактагычына чөккөн баланы издөө иштерине 16 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
14-майда кечки саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
Издөө иштерине 10 куткаруучу тартылып, 15-май күнү 2009-жылкы Д. М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган. Ал эми, 2006-жылы туулган экинчи баланы издөө иштери бүгүн, 16-май күнү да улантылып, 16 куткаруучу тартылды.
Кошумча маалымат берилет.