7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шектүүлөр кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп, 4 миң доллар талап кылган

567

Бишкекте опуза талап кылуу менен алектенген эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 39 жаштагы жаран ички иштер органдарына Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунан күч колдонуу менен коркутуп акча талап кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Бул жаранга кол салгандар өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүбүз деп атап, күч колдонуп 4000 АКШ долларын талап кылышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен опузалап жаткан жарандар кармалган. Шектүүлөрдөн мурда белгиленген 25 000 сом акча каражаты табылып алынган. Алар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунда 1991-жылы туулган А.уулу А. жана Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулган М.Т. экендиги аныкталган»,- деп берилет маалыматта.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

568