Жансыз денеси Ноокенден табылган жаш кызды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-ноябрь күнү саат 9:30 чамасында Ноокен районунун аймагынан агып өткөн сайдын ичинен 19 жаштагы кыздын киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну 1964-жылы туулган О.А. аныкталып, кармалган. Шектүү жасаган оор кылмышы боюнча кызды Базар-Коргондун Акман айыл аймагынын Жалал-Абадга кетүү үчүн турган жеринен алып, Сузак районунун аймагында өлтүрүп, жансыз денени Ноокен районунун аймагындагы каналга ыргытып жибергендигин айтып берген жана окуя болгон жерди, жагдайларды жеринде көрсөтүп, ал көрсөтмөлөрү видеожазуу менен бекитилген.
Мындан сырткары кылмыш иши боюнча шектүүнүн “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү автоунаасы далил зат катары алынып, унаанын арткы орундугунун кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле унаанын алдыңкы орундугунун астынан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон өзгөчө кескин жыты бар зат табылып экспертизалык изилдөөлөр үчүн алынган.
Ушул жылдын 12-ноябрында КРнын КЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылыш иши боюнча толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.