7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спортчу Дастан көзү азиз болгонуна карабай көптөгөн ийгиликтерге жетишкен

718

Дастан Камчыбеков Талас облусуна караштуу Орто-Арык айылында 2002-жылы төрөлгөн. Учурда Кыргыз Улуттук университетинин журналистика бөлүмүндө 3-курсунун студенти. Ал үй бүлөдө 6 бир тууган, 5 кыз жана жалгыз уул. Дастан көзү азиз болгонуна карабай көптөгөн ийгиликтерди багындырып келет.

Саламатсызбы? Дастан мырза өзүңүз жөнүндө тааныштыра кетсеңиз?


— Мен Камчыбеков Дастан Талас облусуна караштуу Орто-Арык айылында төрөлгөм. 6 бир тууганмын, үй бүлөдө 5 кыз жана жалгыз уулмун. Көзүм 6-класска чейин жакшы эле көрчү. Кичинекей кезимде тентек бала болчу экенмин… 6-класста тоого чыгып, кулап түшүп травма алып, ошондон улам көрбөй калгам… Башымдан көптөгөн кыйынчылыктар өткөн. Кыйынчылыктардын бирден бир себеби болуп көзүмдүн көрүп жүрүп эле көрбөй калганы болду. Башында көзүм көрбөй калганда ушул бойдон калып каламбы, көрбөй калсам кантип жашайм, жашоомду кантип улантам деген ойлор менен 2 жыл депрессияда жүрдүм. Кийин Бишкекке көзү азиздердин интернатына келип окудум. Ошентип башка түшкөн бул тагдырга моюн сундум.

-Башыңыздан өткөн кыйын күндөрдөн кантип чыктыңыз? 

-Башында көзүмдүн көрбөй калганына ишенбей көрөт деген үмүттө жашап жүрдүм. Кийин эки көзүм такыр көрбөй калганда депрессияда 2 жыл жүрдүм. Ошентип жүрүп акыры бул дагы сыноо экенин түшүндүм. Үй-бүлөдө жалгыз уул болгонума байланыштуу дагы өзүмдү колго алуум керек деп ойлодум. Ата-энем, бир туугандарым баары мени колдоп турушту. Ошентип, Бишкектеги көзү азиздердин интернатына келип окуумду уланттым. Интернеттан окуп жүрүп комуз, сыбызгы жана башка кыргыздын улуттук аспаптарын ойногонду да үйрөндүм.

Башыңыздан өткөн кыйынчылыктарга карабай ийгиликтерди жаратып келет экенсиз. Азыркы учурда эмне менен алексиз?

-Мен учурда спорттун бир түрү болгон триатлон менен машыгам. Триатлон бул 3 спортту ичине камтыйт. Алар сууда сүзүү, экинчиси велосипед тебүү, үчүнчүсү чуркоо. Спорт бул ден-соолук үчүн, деги эле сергек жашообуз үчүн мааниге ээ. Андыктан, жаштарга деги эле баардык кыз-жигиттерди спорт менен машыгууга чакырам. Мен негизи эле кичинекей кезден баштап эле спорт менен досмун десем болот. Ал убакта менин көзүм көрчү. Грек-рим күрөшү менен алек болчумун. Кийин көзүм көрбөй калгандан кийин үйдөн өз алдымча көнүгүүлөрдү жасап жүрдүм. Бирок булардын баары жетишсиз болду. 2019 жылы сууда сүзүү боюнча машыгып баштадым азыркы учурда спорттун 3 түрү менен алектенем.

Спорт тармагында кичинекей кезимден бери эле аралашып келем деп калбадыңызбы. Бул тармактагы жетишкендикетриңизди бөлүшө кетсеңиз.

-Негизи аз да болсо бир нече ийгиликтерге жетиштим деп айтсам болот. 2021-жылы Кыргызстандын зборный командасына кошулгам. Ошол эле жылы Германиянын Берлин шаарында 200 жана 400 метр аралыкта сууда сүзүү боюнча 2 жана 3-орунду алдым. Быйыл дагы Берлин шаарында 1-орунду багындырып келдим. Дагы бир жакшы жаңылыгым менен бөлүшө кетейин, жакында үйлөнүп, үй-бүлө деген чоң жоопкерчиликти мойнума алдым…Ушул ийгиликтерге жетишиме ата-эенмдин жана мени дайым колдоп, жанымда жүргөн жубайымдын орду чоң. Бул дагы болсо менин жетишкендиктеримдин бири деп ойлом.

Алдыга койгон максаттарыңыз менен бөлүшүп кетсеңиз?
Менин бирден бир эң чоң максаттарымдын бири олимпиадада Кыргызстандын желегин желбиретүү. Негизи спорт бул ден – соолуктун булагы деп айтылып келет эмеспи. Биз дайыма спорт менен машыгып жүрсөк өзүбүз үчүн гана эмес, өлкөбүздүн улуту үчүн дагы бул чоң мааниге ээ…

Дастан мырза убакыт бөлүп маектешкениңизге рахмат, алдыда дагы ийгиликтерди жарата беришиңизге тилектешпиз…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

719