Мушкер Валентина Шевченко Алекса Грассо менен боло турган үчүнчү беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.
«Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө үчүнчү беттеш өткөрүлсө, адилеттүү болмок. Кыргызстандыктар да, өлкө бийлиги да муну колдомок. Менин беттештеримди Кыргызстандын өкмөтүнөн атайын учуп келип көргөндөр болгон, мага колдоо көрсөтүшкөн. Өлкөнүн президенти Садыр Жапаров да ММА менен тааныш, анын колдоосу мен үчүн абдан маанилүү», — деди Шевченко MMA Hour телеканалына берген маегинде.
Эскерте кетсек, эки спортчунун реванш беттеши өтүп, тең эсеп менен аяктаган. Бул жыйынтыктын аркасында Грассо чемпиондук титулун сактап калды.