Бүгүн, 19-сентябрда Бишкектеги “Novotel” мейманканасынын жыйындар залындабелгилүү журналист, коомдук ишмер Шайырбек Абдырахман уулунун улуу баянды кара сөз түрүндө айткан 104 сериалдуу “Манас баяны” көрсөтүүсүнүн таанытым иш-чарасы болуп өттү.
Ага мамлекеттик, маданий, коомдук ишмерлер, тарыхчы, манасчы, акын, жазуучулар, журналисттер жана Кыргыз улуттук “Манас” театрынын өнөрпоздору катышты.
Иш-чара келгендер Шайырбек Абдырахман уулунун эмгеги ат көтөргүс экендигин, ошондой эле мындан ары да улантуусуна ийгилик каалап, ак баталарын беришти.
Келген конокторго “Манас баяны” көрсөтүүсүнүн 104-сериясы көрсөтүлүп, улуу баяндан үзүндү айтылды.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Абдырахман уулунун эмгегине колдоо көрсөтүү максатында жаштар жамаатынын атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Шайырбек Абдырахман уулу эми мындан ары улуу манасчы Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Семетей” эпосунун 3 томдугун калың журтка кара сөз менен айтып берүү алдында турат.