7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Шоро» компаниясы кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан кредит алып, сүт азыктарын өндүрөт

737

«Шоро» компаниясы Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен сүттү кайра иштетүүнү колго алат. Бул тууралуу аталган фонддун расмий баракчасында жарыяланды.

Тараптар кечээ, 20-октябрда келишимге кол койду.  Компания фонддон алган насыяга сүттү кайра иштетүү жана Орусияда жасалган сүт азыктарын өндүрүү боюнча заманбап технологиялык жабдууларды сатып алууну көздөйт.

Бүгүнкү күндө «Шоро» компаниясы улуттук суусундуктарды чыгаруу боюнча лидер болуп саналат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебинен компания сүттөн жасалган улуттук суусундуктарды, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун эл аралык стандарттарына ылайык, башка сүт азыктарын көбөйтүүнү пландап жатат. Сүттү кайра иштетүүнүн суткалык көлөмү 20 тоннаны түзөт, бул кеминде 200 дыйкан чарбасын туруктуу иш менен камсыздайт.

Компания учурда даяр продукциясын экспорттоо менен алектенет. Ал эми жаңы өндүрүш ишканасын ачуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошол эле учурда жергиликтүү фермерлерден чийки зат сатып алуу кошумча жумуш орундарын түзүп, өндүрүлгөн сүттүн көлөмү менен сапатын жогорулатууга ыңгайлашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

738