7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Си Цзиньпин өлкө лидерлерин Тан династиясынын лотос багында сыйлады

612

Президент Садыр Жапаров Биринчи айым Айгүл Жапарова менен чогуу бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарларына арналган Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен учурашуу аземи Тан династиясынын лотос багында өтүп, жогорку даражалуу конокторду КЭР төрагасы Си Цзиньпин жубайы менен тосуп алды.

Салтанаттуу азем Тан династиясынын доорундагы стилде өттү. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн «лотос бийи» түрүндө кыскача театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулду.

Учурашуу аземинен жана чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Си Цзиньпин куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Андан соң КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин атынан расмий кабыл алуу болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613