7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Синтетикалык баңгизаттарды таратуу каналына бөгөт коюлду

852

Жашы жете элек балдарды өзүнө тартуу менен синтетикалык баңгизаттарды таратуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңги заттарды таратуунун туруктуу каналы аныкталган.

Бул каналдын уюштуруучулары чет мамлекеттердин биринде жүрүп, КРнын жашы жете элек балдарга мыйзамсыз баңгизаттарды таратууга тартуу боюнча практикалык иштерди жүргүзүшкөн. Ал балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн.

Каалаган адам электрондук капчыктар жана банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен баңгизаттардын координаттары тууралуу толук маалымат ала алышкан.

Топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бул каналдын чет элдик уюштуруучуларына карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чаралары улантылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

853