7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сириядан Кыргызстанга 18 аял жана 41 бала алып келинди

485

Бүгүн, 16-февралда “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириядан Кыргызстанга 18 аял жана 41 бала алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери коштоп келген. Жарандардын ден соолугу кооптуу абалда калган, мамлекет тарабынан коргоого укугу бар балдарды сактап калууга багытталган бул иш-чара ушундай масштабдагы экинчи репатриация иш-чарасы болуп саналат.

“Балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алардын бейпил жана коопсуз чөйрөдө жашоого адаптацияланышы үчүн тийиштүү кызматтар көрсөтүлөт. Тиешелүү кызматтар балдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча иштерди жүргүзөт”, — деп берилет маалыматта.

Балдарды репатриациялоо КР президенти Садыр Жапаровдун саясий эркинин, министрлер кабинетинин координациясынын жана тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо жана укук коргоо органдарынын өз ара макулдашылган иштеринин, Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин, андан тышкары БУУнун Балдар фондунун жана Эл аралык кызыл жарым комитетинин колдоосунун аркасында мүмкүн болду.
Мекенине келген балдарды президенттик аппараттын кырдаал борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тосуп алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

486