Бүгүн, 16-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 12:00 Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 418 адамга жетип, 105 505 адам жарадар болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.
Ал эми, Түркия Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курумдун айтымына ылайык, жер титирөөдөн жабыркаган 10 облустагы 41 791 имарат калыбына келтирилбейт жана бузулат.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, миңдеген жарандар каза болуп, миңдеген жарандар жарадар болушкан.