7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Система уялбайсыңбы дейт» Шайназаров бир адам 1 эле талапкерди шайлай аларын далилдеди

122

«Биздин мамлекетибизде көйгөй шайлоочулардын шайлоого катышуусунун төмөндүгү», — дейт БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров.

«Шайлоого катышуу элдин Конституциялык милдети. Азыр бардык жактан ыңгайлуу. Жөнөкөй тил менен айтканда мурдагыдай тоскоолдуктар жоюлду. Мурда чет мамлекеттердеги шайлоочулар алдын ала Консулдук кызматтарга билдирүү берип, көптөгөн кыйынчылыктары бар болчу. Азыр анын баары жоюлду. Дагы мындан башка кандай жеңилдиктер керек. Мисалы, мен №8 округда турам, бирок жумушка байланыштуу Бишкекте турам. Бактыга жараша азыр мен Бишкектен дагы шайлоого катыша алам. ТИМдин аракети менен 59 шайлоо участкасы болсо азыр 100 шайлоо участкасы ачылды. Мисалы, Россияда мурда 20 участка болсо, азыр 40ка жетти. Бул мекендештерибиздин жарандык позициясын толук камсыздоо максатында түзүлдү», — дейт ал.

Ошондой эле БШКнын төрагасы Шайназаров коомчулукта тарап жаткан «бир адам 3 талапкерди шайласа болот экен», — деген малыматты тастыктоо максатында Бишкек шаарындагы башка шайлоо участкасына барып экинчи ирет шайлоого катышып көрдү. Бирок система Шайназаровду кызыл белги менен көрсөтүп, «Сиз талапкерге добуш бергенсиз» деп сыпаттаган.

123