7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Словакияда кулчулукка кабылдык деген мекендештер куткарылабы?

565

Кыргызстандын Словакияда  жүргөн жарандары, кулчулуктан куткаруу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жана КР акыйкатчысы Токон Мамытовго кайрылуу жолдогон.

Мындан улам, кайрылуу жолдогон мигранттардын маселесин чечип, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүү үчүн, «Эдвайс Кей Джи» ишканынын директору А.Нишанов кечээ, 22-сентябрда Словакияга учуп кеткен.

Аталган компания Кыргызстандын жарандарын Словакия Республикасында ишке орноштуруу ишин аркалап келден. ТИМдин маалымат кызматы «Эдвайс Кей Джи» ишканасынын  укуктук уруксат кагаздары бар болгондугун жазат. Ошондой эле ведомстводон кошумчалашкандай, транспорт компаниясы жана иштөө шарттары тууралуу бардык маалыматтар жарандарга кызмат көрсөтүү келишими түзүлгөнгө чейин түшүндүрүлгөн.

«Учурда компаниянын №000581 уруксаты бар жана 2021-жылдын башында Кыргызстандын 13 жаранын Словакияга жөнөткөн. Визалар Казакстандын Нур-Султан шаарында алынган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул маселе Кыргызстандын Австриядагы элчилигинин көзөмөлүндө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566