7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулук районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

617

Сокулук районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Т.М. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 7-мартка караган түнү белгисиз бирөө сарайда байланып турган атын уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Чүй облусунун 19 жаштагы жашоочусу Г.С. кармалган. Териштирүү учурунда шектүү уурдалган атты базарда сатып жибергени маалым болгон.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

618