7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

403

 

Бүгүн, 12-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-Өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорт, маданий эс алуу жана башка тармактар боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр үчүн бардык аянтчаларды ырааттуу колдонууну сунуштоо менен эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда жетишилген келишимдер боюнча жигердүү иш-аракеттерди күчөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаровдун айтымында, биринчи кезекте кыска убакыттын ичинде эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын уюштуруу керек.

Президент дүйнөлүк экономикалык кризиске карабастан, өз ара соода жүгүртүүдө оң динамика сакталып тургандыгын белгиледи.

Анын белгилешинче, акыркы мезгилде өлкөлөр эки тараптуу соода жүгүртүүнү мындан ары кеңейтүү боюнча бир катар аракеттерди жасашты. Анын ичинде Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу башталды.

Мамлекет башчысы бул чаралар тараптардын соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкчылыгын тастыктай тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы аянтча болуп кала турган жана чек ара соодасын өнүктүрүүдө кыргыз-өзбек ишкерлеринин ортосунда түз байланышты жолго коюуга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган Кыргыз-Өзбек ишкерлер кеңешин түзүлүшүнө оң пикирин айтты. Кеңештин биринчи жыйыны Ташкент шаарында Кыргыз-Өзбек бизнес форумунун алкагында өткөн.

Президент Өнөр жай кооперациясы жаатында кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планынын алкагындагы долбоорлорду, анын ичинде биргелешкен айыл чарба ишканаларын түзүү долбоорлорун чогуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өзбекстандагы фармацевтика тармагынын жигердүү өнүгүшү тууралуу оң пикирин билдирген Садыр Жапаров Кыргыз мамлекетинде дары-дармектерди, медициналык шаймандарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылды.

Садыр Жапаров эки жана көп тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө зарыл болгон өлкөлөр ортосунда толук өз ара түшүнүшүү бар экендигине бекем ишенерин билдирди.

Өзбекстан Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз өлкөсү менен стратегиялык кызматташтыкка негизделген ынак коңшулук мамилелерге токтолду.

Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоевдин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы түрткү берген, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды бекемдеген маанилүү жана үзүрлүү жолугушууларын белгиледи.

Абдулла Арипов мамлекет башчыларынын тарыхый жолугушуусунда, кыргыз өкмөтү менен тыгыз кызматташууда жетишилген бардык келишимдерди турмушка ашырууга толук даяр экенин айтып, өзбек тараптын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйындарын өткөрүүгө Кыргыз өлкөсүнө каалаган ыңгайлуу учурда бара аларын кошумчалады.

404