7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата районунда аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалды

459

2021-жылдын 6-март күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Достук айылынын жашоочусу 1981-жылы туулган У.З. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 28-февралына караган түнү үйүнүн жанында токтоп турган жүк ташуучу автоунаасынан эки даана аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 1994-жылы туулган А.Т. жана 1993-жылы туулган М.А. аттуулар кармалышкан.
Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандардын Красная-Речка айылындагы дагы бир аккумулятор уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.  Ага ката, уурулукка шектүү  дагы бир жаран кармалды.  Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 22 жаштагы жашоочу арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр үйүнө киришип, зер буюмдарын, курулуш шаймандарын жана жеке буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 38 жаштагы Т.У. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жарандын жашаган жеринен уурдалган буюмдардын бир бөлүгү табылган. Ал эми шектүү жарандын Ысык-Ата районунун аймагында дагы 6 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда

 

460