Талас облусунда күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз ташып бара жаткан оор жүк ташуучу (бензовоз) унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, күйүүчү май ташуучу унаа Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайынан кармалган. Жүктүн жалпы көлөмү 30 тоннадан ашык болгон.
Учурда, тиешелүү экспертизаларды дайындоо менен иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.