Сокулукта 17 жаштагы өспүрүмдү тоноого шектүү 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 1999-жылы туулган О.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 17-сентябрь күнү жашы болжол менен 25-30 чамасындагы белгисиз үч адам анын 2004-жылы туулган жашы жете элек инисин карактап тоноп кетишкен.
«Сотко чейинки өндүрүштө, белгисиз үч жаран жашы жете элек баланы өздөрүнүн автоунасына үйүнө чейин жеткирип коебуз дешип, жолдон Военно-Антоновка айыл жактагы айланма жолунан токтоп белгисиз тапанча менен коркутуп уюлдук телефонун жана акчасын алып, жаш өспүрүм баланы ошол жакка тыштап, белгисиз тарапка качып кетишкени белгилүү болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелишип, 1996-жылы туулган Л.Э., А.Н., 1987-жылы туулган З.Э. жана 2001-жылы туулган М.И. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп берилет маалыматта.