7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 22 млн сомго жакын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

683

Чүйдө айыл чарба багытындагы 21 млн 816 миң сомду түзгөн, жалпы аянты 140,0 га жер тилкелери айыл өкмөттүн балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерди инвентаризациялоонун жүрүшүндө 15 түрдүү контурдагы 140 гектар айыл чарба жерлерин көп жылдар бою белгисиз адамдар тиешелүү документтери жок мыйзамсыз пайдаланып келишкендиги аныкталган.

Аталган жерлерди үчүнчү жактар тарабынан мыйзамсыз басып алуу жана ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо, мыйзамсыз курулуштар, айыл чарба жерлерине зыян келтирүү, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү жоготуу сыяктуу маселелердин алдын алуу максатында көзөмөл органы тарабынан айыл өкмөт башчысына прокурордук чара көрүү актысы киргизилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

684