7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 6 жашар баланы аёосуз сабаган өгөй ата кармалды

325

Сокулукта 6 жашар баланы аёосуз сабаган өгөй ата кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүн шектүүгө карата каралган берене өзгөртүлүшү мүмкүн.

«18-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына Сокулук районунун 25 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал 17синен 18-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:00дө 33 жаштагы А.Б. аттуу күйөөсү 6 жаштагы уулун сабап салганын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган. Бул факт Октябрь райондук милициясында Жоруктар тууралуу кодекстин 75-беренеси боюнча каттоого алынып, андан кийин иштин материалдары Сокулук райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, 6 жашар баланын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалган. Учурда Сокулук райондук милициясы А.Б. аттуу жаранды кармоо жана милиция бөлүмүнө алып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул иштин иликтениши ИИМдин жана Чүй облустук милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Тиешелүү ыкчам-тергөө иштери уланууда”, – деп билдирген облустук милиция.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

326