7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 6 жашар өгөй баласынын көзүнө кан уюганча сабаган ата кайра коркутуп жатат

233

6 жашар баланын көзүнө кан уюганча сабаган өгөй атасы тааныштарын салып из жашырууда. Бул тууралуу ырчы айым Анжелика Кайратовна өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты. 

Сүрөттө байкалгандай, баланын көзүнө кан уюп калган. Ошондой эле денесиндеги, көзүндөгү уөктөрдү көрүүгө болот. 

«Наристелерге кол көтөргөндөр жазасын алсын! Мен бул наристе үчүн аягына чейин турам! Апасы курсактагы наристесин жоготкону турат. Бала жалгыз ооруканада. Кап, оорубасам учуп барат элем жанына! Элим, ыйлап кайрылам мырзалар, айымдар кимиңер барсынар? Ушул балабызга барып коюңуздарчы, суранам. Байке, эже болуп бериңиздерчи. Сабаган акмак адвокаттарды жалдап, коркутуп жатыптыр. Элим, барсыңбы?! Эч бир наристе жалгыз калбасын!», — деп жазган ал. 

Ал эми бул окуяга күбө болгон жарандын айтымында, жабырлануучунун 9 айлык боюнда бар. 

«Менин таанышымдын башына оор иш түштү. 6 жаштагы баласы менен экинчи ирет турмушка чыккан. Экинчи күйөөсүнөн 9 айлык боюнда бар. Алар Сокулук районундагы Поле Чудес конушунда жашашат. 17-ноябрда таанышым дааратканага чыгып кеткенде баласынын чыңырган үнүн уккан, үйүнө чуркап барса күйөөсү баласынын үстүнө отуруп алып уруп жаткан экен. Жолдошу ал күнү мас абалында болгон. Дароо 102ге чалышкан, бирок 5 саат күтүп жардам ала алышкан эмес. Эртең менен №3 балдар ооруканасына барышкан, ал жактан дарыгерлер милиция чакыртышкан. Таанышым боюнан түшүп калуу коркунучу менен ооруканага жатып калды, ал эми 6 жаштагы Рамазан учурда жалгыз жатат. Анын бир көзү шишиген, көзүнүн ичине кан толгон жана баш мээси чайкалганы аныкталды. Ал эми өгөй атасы таасирдүү тааныштарын ортого салып кыздын үй-бүлөсүн коркутуп жатат. Укук коргоочулар эч кандай аракет көрбөй жатышат, бул иш ушул бойдон жабылып калабы деп коркуп жатабыз. Таанышым болгону 25 жашта, төрөөрүнө аз калды. Бул иш боюнча материалдар Сокулук райондук ички иштер башкармалыгында турат. Кыздын аты Эркайым, ал жана анын байкеси менин жолдошума жардам сурап кайрылышкан, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жаз деп чакырышыптыр, бирок ал ооруканада жаткандыктан окуяны жазып жөнөткөн. Баланы 1982-жылы туулган Б.А.К аттуу жаран сабаган», — деп жазат ал. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

234