7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта айылдаштар арасындагы чырдан бир адам каза болду

332

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында ок атуучу курал колдонулган окуянын бардык катышуучулары такталып, кырдаал милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-сентябрда милицияга Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына Жаңы-Жер (20-хутор) айылынын тургуну 1954-жылы туулган А.А. аттуу жарандын денесинде октон алган жаракаты менен дансыз денеси жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Ошондой эле аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын (20-хутор) экинчи тургуну 1986-жылы туулган Г.М. аттуу жаран октон алган жаракаты менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт КЖКнын 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган.

Окуя болгон эки тарап тең бир улуттан жана алардын ортосунда мурда эч кандай чыр-чатактар болгон эмес.

Учурда окуянын бардык катышуучулары аныкталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Облустук милициядан окуя боюнча тергөө иш-чаралары аяктагандан соң кошумча маалымат берилет дешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

333