7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таразда Кыргызстан менен Казакстандын министрлер кабинетинин жетекчилери жолугушту

381

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Тараз шаарына жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуш сапарынын алкагында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумдарына, Кыргызстан менен Казакстандын Биринчи региондор аралык форумуна катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Иш-чаралардын соңунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынынын протоколуна жана региондор аралык документтерге кол коюлаары күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

382