Сокулук райондук соту А.М., аттуу жаранды «Кыйноо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Маалыматка ылайык, ал 12 жаштагы уулун аёосуз сабап салган. Ал эми баланын апасы күйөөсүнүн жоопко тартылуусун каалабайт.
«Баланын расмий билдирүүсүнө караганда, ал туугандарынын үйүнө барган. Атасы ага чалганда трубканы албай калган. Үйүнө келсе атасы мас абалында аны сөгүп, сабап баштаган. Атасы баласынын башын дубалга уруп катуу сабап салган», — деп айтылат өкүмдө.
Баланы ооруканага кайнатасы алып барган. Бала бир нече күн реанимацияда жаткан.
«Апасынын айтымында, анын жолдошуна эч кандай дооматы жок. Аял күйөөсү менен элдешкенин жана мамлекеттик-жеке айыптоодон баш тартып жаткандыгын көрсөттү», — деп айтылат соттун чечиминде.