7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта аялын мыкаачылык менен 3 саат кордогон жаран кармалды

367

Сокулукта аялын 3 саат сабаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-октябрда Сокулук РИИБге Сокулук аймактык ооруканасынан кабар түшкөн. Анда 2002-жылы туулган келиндин сабалганы айтылган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө 28-октябрда болжол менен саат 07:00-10:00 аралыгында Сокулук айылынын Заречная көчөсүндө жайгашкан үйдө келинди жарандык никедеги жолдошу сабап, кордогону аныкталган.

Райондук ооруканадан жабырлануучунун денесинде көгала тактар, сан тушунда бычактын издери бар экенин, ошондой эле жасалма тырмактары жулунганын айтышкан. Алдын ала маалымат боюнча, анын мээси да чайкалган.

Үй-бүлөлүк зомбулук беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.

Учурда тергөө уланууда.

 

368