7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта бирөөнүн эгин талаасын 4кө бөлүп, сатып жиберген аял кармалды

923

Жер тилкелери менен алдамчылыкка шектелген аял Сокулук райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге бир айлык мөөнөткө киргизилди. Бул тууралуу арыз ээлеринин бири Гүлзад Тойчиева билдирди.

Анын айтымында, Ырысбүбү Касиева Сокулук районундагы жабырлануучуга тиешелүү эки гектар жерди сатып жиберген.

«Менин жериме эки чоң үй салынып жатканын билип калдым. Бирок ал жер эгин талаа болгондуктан бир нерсе куруугабагытталган эмес. Мен бул Касиеваны тааныбайм, анан бирөөнүн жер тилкесин кантип төрткө бөлүп сатып жибергенин түшүнбөйм. Биз муну мамкаттоо менен айыл өкмөттүн кызматкерлери менен жерди тактоо үчүн барганда билдик. Мен милицияга кайрылдым. Тергөөнүн жүрүшүндө Касиева Аламүдүн жана Ысык-Ата облустарында да мындай мыйзамсыз аракеттерге барганы белгилүү болду», — дейт жабырлануучу.

Ырысбүбү Касиевага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле ал буга чейин да алдамчылык менен жер сатып, мыйзамсыз иштерге аралашып келген. Бирок далил жок болгондуктан сотко чейинки өндүрүш токтотулуп, бошотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

924